Талас университети мененн Кастамону университетинин кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлдү

Билим АКИpress - 4-июль күнү Түркиянын Кастамону университетинин делегациясы Талас мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушту. Бул туралуу ТалМУнун тил боюнча проектору С.Жумалиев билдирди.

«Кастамону университетинин ректору, профессор Сейит Айдын жана ТалМУнун окуу-илимий иштери боюнча проректору М.Тургунбаев атайын белектерди бири-бирине тапшырып жатып, мындан ары эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын бекемделишине дагы бир кадам жасалганын баса белгилешти. Ошондой эле профессор Сейит Айдын ТалМУда эл аралык теология факультетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Андан кийин КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу окүлүнүн орун басары А.Жаркыналиева, Кыргыз Эл баатыры А.Алымкулов сөз сүйлөшүп, эки элдин ортосундагы достук жана кызматташтык алакалардын чыңдалып баратканын белгилеп өтүштү. Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө сырткы байланыштар бөлүмүнүн башчысы А.Нуралиева тарабынан ТалМУ тууралуу презентация жасалып, өнөрпоздор концерттик программа тартуулашты», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up