Ысык-Ата районунан 3 бүтүрүүчү президент С.Жээнбековдун колунан «алтын сертификаттарды» алышты

Ысык-Ата районунан 3 бүтүрүүчү президент С.Жээнбековдун колунан «алтын сертификаттарды» алышты

Билим АКИpress - Ысык-Ата районунан 3 бүтүрүүчү 2018-жылы жалпы республикалык тестирлөдөн жогорку упайларды топтошуп, президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «алтын сертификаттарды» алышты.

Өзгөчө үлгүдөгү сертификаттардын ээлри: Кант шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүс Иван Тимофеев, Н.Баранов атындагы Ново-Покровка №2 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Бегимай Барыктабасова жана Кант авиабазасынын №2 мектебинин бүтүрүүчүсү Валерия Крицанова.

Бүтүрүүчүлөрдү ийгиликтери менен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Калмырза Кожомкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев кызуу куттуктап, алардын ата-энелери менен жолугушуп, райондук мамлекеттик администрациясынын атынан Мактоо баракчасын жана белектерди тапшырышты. Район башчысы ийгиликтүү улан-кыздарды тарбиялаган ата-энелерге ыраазычылык билдирип, бүтүрүүчүлөргө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up