Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернаты жаңы окуу жылына даяр (фото)

Билим АКИpress - Жалпы 275 баланы тарбиялап, билим берип жаткан Чалдыбар мектеп-интернатынын окуу имараты, жатаканасы толугу менен актап-сырдоодон өтүп, жаңы окуу жылына даяр болду.

«Оңдоп-түзөө иштерин мектептин эмгек жааматы жүргүзгөн. Ал интернаттын озук чарбасынан түшкөн жана Билим берүү министрлигининен берилген каражатка жасалды. Жалпы 200 миңден ашуун каражат коротулду», - деп билдирди мектеп-интернаттын директору Шаршенбек Конгайтиев.

Чалдыбар мектеп-интернатынын эмгек жааматы акыркы жылдары жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштерине көбүрөөк көңүл бөлүп, эрте жаздан тарта гүлдөрдүн түрлөрүн отургузушуп, айлананы гүлзар багына айлантуу аракетинде. Быйылкы жылы да Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү ишканасынан гүлдөрдүн көчөттөрүн алып, отургузушкан. Учурда ажайып кооздукка бөлөнүп турат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up