«Миң-Булак сулуусу» аталган Райхан кызыл аттестаттын ээси болду (фото)

«Миң-Булак сулуусу» аталган Райхан кызыл аттестаттын ээси болду (фото)

Билим АКИpress - Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылынын 17 жаштагы тургуну Райхан Нурбаева «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси болду. Ал сабактан тышкары коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөтүп, 2017-жылы «Миң-Булак сулуусу» сынагында баш байгени жеңип алган.

«Мен быйыл Т.Батырбашиев атындагы Чалдыбар мектеп-гимназиясын аяктадым. «Алтын тамга» аттестатына жеттим. Бул ата-энемдин, агай-эжелеримдин жана менин 11 жылдык мээнетимдин түшүмү, мөмөсү жана үзүрү десем болот. «Алтын тамга» аттестатын алуу учун улуу рамазан айында Талас областына барып, 5 предметтен тест тапшырдык. Эжекем «бүгүн тамак ич, орозоңду ач, күч-кубатың кетет» дегенине болбой, Кудайга ишенип тапшырып келгем. Мектепте менден тышкары «5» деген баага окуган дагы 4 кыз бар эле. Тестирлөөдө төртөөбүздөн экөөбүз өтүп, «Алтын тамгага» жеттик. Ата-энем менини билим алуума үйдөн шарт түзүп берип, эч нерсеге муктаж кылбай, колдоо гана көрсөтүп келишет.

Сабактан тышкары, спорко, коомдук иштерге активдүү катышып келем. 11-классымда мектепте премьер-министр болуп шайландым. Адабий кечелерди, КВНдерди, ар кандай сынактарды уюштуруп, маданият үйүндө өткөрүп жаттык. 8-классымдан баштап олимпиадаларга катышып баштадым. 9-классымда тарых сабагынан 21 мектеп арасынан райондук олимпиададан 3-орунду алгам. 10-класста кайрадан тарых сабагын тандап, райондук олимпиададан 1-орунду алып, облустук олимпиададан 3-орунду эээлегем.

2017-жылы «Миң-Булак сулуусу» сынагында баш байгени жеңгем. Ата-энем «оку, келечегиңе бүгүнтөн кам көр» деп, жанымда отуруп окуткан дагы күндөрү болгон. Аларга ыраазымын. Кыргы-Түрк «Манас» университетинен бюджеттик негизде 5 бөлүмдүн бирин тандаганга мүмкүнчүлүк алдым. Жогорку окуу жайда да жакшы окуп, ийгиликтерди жаратсам дейм», - деди ал.

Райхан үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up