Кыргызстандык 39 окуучу Пекиндеги эл аралык жайкы лагерде эс алууда

Кыргызстандык 39 окуучу Пекиндеги эл аралык жайкы лагерде эс алууда

Билим АКИpress - 2018-жылдын 9-июлунда Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин мектеп окуучулары үчүн эл аралык жайкы лагердин ачылыш аземи өттү. Бул маарекеге ШКУнун мүчө-мамлекеттеринен, тактап айтканда, Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Таджикстандын мектептеринен 200дөн ашык окуучулар катышты.

Кыргызстандан жайкы лагерге катышуу үчүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен областарынан жана Бишкек шаарынан 39 окуучу келген.

Маалымат катары: 2013-жылдын ноябрь айында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеӊешинин премьери Ли Кэцян Ташкент шаарында ШКУнун мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын отурумунда 5 жылдын ичинде кытай тарап ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин мектеп окуучулары үчүн (2000 балага) жайкы лагерин Кытайда уюштурарын айткан.

Лагерге 2014-жылы Тажикстандын, 2015-жылы Орусиянын, 2016-жылы Кыргызстандын, 2017-жылы Казакстандын окуучулары катышкан. Аталган лагерь 2018-жылдын 6-15-июлунда өтөт.

Ачылыш аземде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчиси А.Усенов, Кытайдын Билим берүү министрлигинин орун басары Тянь Сюецзюнь жана Казакстан, Орусия жана Тажикстан элчиликтеринин башчылары жана өкүлдөрү катышты.

КРнын КЭРдагы элчиси А.Усенов жайкы лагердин жыйынтыгы биздин өлкөлөрдүн достук мамилелерин бекемдөө, ШКУнун билим тармагындагы кызматташтыкты өнүгүүсү жөнүндө өзүнүн ачылыш сөзүндө айтып кетти. Муну менен бирге А.Усенов ШКУнун бардык окуучуларына кайрылды. «Келечекте биздин тыгыз мамилебизге силер себепкер болосуңар, анткени силер биздин келечегибизсиңер, биздин эл аралык маданият боюнча катташыбыз түздөн-түз силер аркылуу өтөт», - деди ал.

Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министринин орун басары Тянь Сюецзюнь коноктордун астында куттуктоо сөзүн айтып жатканда Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Тажикстандын окуучулары Кытайга келген сапар учурунда Кытайдын тарыхын, маданиятын жакшы түшүнүү жана бири-бири менен достук мамилелери пайда болуп, эл аралык кызматташуунун өнүгүшүнө чоӊ түрткү болорун айтып кетти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up