Президент С.Жээнбеков Таластын Таш-Арык айылындагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Билим АКИpress - Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусу боюнча иш сапарынын алкагында Талас районуна караштуу Таш-Арык айылындагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул долбоор боюнча маалыматты КР өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев берди.

Анын маалыматы боюнча, Таш-Арык айылындагы жалпы наркы 57 млн 339 миң 442 сомдук 140 орундуу бала бакчанын курулушу быйыл, 2018-жылы аяктайт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up