Нарындык окуучулар коомдук сурамжылоо аркылуу актуалдуу маселелерди таап чыгышты (фото, видео)

Нарындык окуучулар коомдук сурамжылоо аркылуу актуалдуу маселелерди таап чыгышты (фото, видео)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 25-июнунан 28-июнуна «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында Нарын облусунда коомдук талкуулар өткөрүлдү. Иш-чарада Нарын облусунун мектеп парламенттеринин мүчөлөрү жана жергиликтүү жаш активисттер изилдөөлөрдүн жыйынтыктары аркылуу өз коомчулуктарындагы социалдык маанилүү маселелерди көрсөтүштү.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, айылдардагы эң орчундуу маселелер жумушсуздук, жолдордун абалы, көчөлөрдүн тазалыгы, миграция ж.б. экендиги аныкталды. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында окуучулар төмөнкү маселелерди аныктап чыгышты: жумушсуздук, жолдордун абалы жана миграция маселелери Ак-Учук жана Дөң-Алыш айылдарында эң акуталдуу. Мисалга алсак, сурамжылоого катышкандардын 71% жол кырсыгы катталган, кооптуу жерлерден өтүүдө кыйынчылык жаралгандыгын айтышты. Анын негизинде жолдон өтүүдөгү техникалык коопсуздук боюнча иш-чараларды өткөрүү сунушталып, тыянак чыгарылды. Сурамжылоого катышкан жергиликтүү элдин көпчүлүгү аныкталган маселелерди чечүүгө даяр экендигин билдиришти.

Көк-Жар, Ак-Жар, Кум-Дөбө айылдарында эң орчундуу маселелер: айылдын тазалыгы (42%), жергиликтүү калк арасындагы жумушсуздук (47%). Ошондуктан коомдук талкууларда айылдын экологиясы талкууга алынып, таштанды салуучу урналарды орнотуу маселеси талкууланды. Андан сырткары, сурамжылоого катышкандардын 92% тазалыкты сактоо үчүн ишембиликтерди уюштурууда жана таштандыларды чыгарууда жардам көрсөтө ала тургандыгын айтышты.

Кочкор айылдык өкмөтүндө окуучулар 2 актуалдуу маселени карап чыгышты: алар эс алуу үчүн коопсуз жайлар жана мектептеги дааратканалардын абалы. Сурамжылоого катышкадардын 61% эс алуу үчүн коопсуз жайлар жок экендигин айтышкан. Ошондой эле алар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте тазалыкты сактоого багытталган массалык, маданий иш-чараларды жана социалдык демилгелерди ишке ашырууну сунушташты. Бул боюнча жаштар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте иштешет.

Кош-Дөбө айылынан окуучулар жашоочулардын таза суу менен камсыз болуусу боюнча маселени таап чыгышты. Бул маселенин актуалдуулугун сурамжылоого катышкандардын 61% белгилешти. Андан сырткары, бул маселени айыл өкмөттүн өкүлдөрү чечип берерин тастыкташты. Ал эми коомдук талкуунун катышуучулары бул маселе боюнча таза сууну үнөмдөө боюнча жашоочуларга маалымат берүү, эсептегичтерди орнотуу, таза сууну колдонууну оптимизациялоо жолдорун иштеп чыгуу иш-чараларын сунушташты.

Чолпон айылында негизги маселе ички жана тышкы миграция экендигин сурамжылоого катышкандар белгилешти. Мисалга алсак, алардын көпчүлүгү алардын үй-бүлөсүндө чет чет жакта иштеп жүргөндөр бар экендигин айтышты. Коомдук талкуунун катышуучуларынын ою боюнча, буга айылдагы жумушсуздук, насыялардын туура эмес пайдаланылышы же үй-бүлөлөрдөгү чыр-чатактар себеп болуп жатат. Ошондуктан жашоочуларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, маалыматиштерин жүргүзүп, айылдык кенештин депуттары менен биргеликте иштеп, жаштарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү керектигин айыл тургундары айтышты.

Нарын шаарында окуучулар алма бактын инфраструктурасы, чоң көчөлөрүн жашылдануусу жана Нарын дарыясынын булганышы маселелерин аныкташты. Бул маселелерди чечүүгө салым кошууга жана коомдук жумуштарды аткарууга сурамжылоого катышкандардын 45% макул болушкан. Ал эми коомдук талкууларда жашоочулар таштанды маселесин чечүү үчүн «Тазалыктын» кызматкерлерине жардам көрсөтүп, Нарын суусуна жакын жашаган тургундарга тазалыкты кармоо боюнча маалыматтарды жеткирүүгө колдоо көрсөтө тургандыгын айтышты.

«USAID» тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын экономикалык ишмердүүлүгүн жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор «MSDSPKG» (Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы), Борбор Азия университети, Социалдык ишкерлер ассоциациясы жана «IDEA» CA (Борбордук Азиядагы эл аралык билим берүүчү Дебат ассоциациясы) тарабынан ишке ашырылат.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up