Англис тилин ырлардын жардамы менен кантип жакшыртууга болот?

Англис тилин ырлардын жардамы менен кантип жакшыртууга болот?

Билим АКИpress - Англис тили дүйнөдө эң көп таралган жана талап кылынган тилдердин бири. Аны үйрөнүүнүн көптөгөн ыкмалары бар. Алардын бири — ырдын жардамы менен үйрөнүү. Бирок, окутуучулар белгилешкендей, ырлар китептер менен окутуу курстарын толугу менен алмаштыра албайт.

Музыка менен ырларды бош убакытта кошумча сабак катары пайдалануу сунушталат. Тажрыйбалуу педагогдор тастыкташкандай, англис тилинде ырларды угуп, ырдоонун аркасы менен төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү алууга болот:

1. Сөз байлыгын кеңейтүү;
2. Англисче угуу менен түшүнүүнү жакшыртуу;
3. Сөздөрдү так айтуу.

Музыкалык клиптерди көрүү менен англис тилин үйрөнүүнүн нускамасы:

1. Тексти бар клипти тандап алып, аны күйгүзөбүз
2. Текст менен сөздөрдү өзүнчө түшүнүүгө аракет кылабыз
3. Текстти угуп, аны окуйбуз
4. Тааныш эмес сөздөрдү жазып алабыз
5. Жазып алган сөздөрдү которобуз
6. Ырды тексти жок угабыз.

Субтитрлери бар музыкалык клиптерди төмөнкү сайттардан көрүүгө болот:

lyricstraining.com сайты. Каалаган ырды тандап алып, Play баскычын басабыз. Ачылган баракчадан өз билимиңиздин деңгээлин тандап алуу зарыл: Beginner (Elementary и Pre-Intermediate деңгээлине ылайыктуу), Intermediate, Advanced и Expert. Андан кийин музыканы угуп, көнүгүү аткарасыз: субтитрлерде калтырылган сөздөрдү толтурасыз. Канчалык жогорку деңгээлди тандап алсаңыз, ошончолук көп сөз калтырылат.

crazylink.ru сайты сөз байлыгын кеңейтүүгө жардам берет. Elementary деңгээлинде окугандар үчүн ылайыктуу. Англис тилиндеги ырлар менен чакан сабактар каралган. Башында сизге ар кандай көнүгүүлөр аркылуу ырлардагы негизги сөздөрдү жаттоону сунуш кылат, андан кийин текстти жаттап, клипти көрүүгө жана ырдын орус тилиндеги котормосун окуп чыгууга мүмкүн болот.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up