Нарын облусунда 11-классты 3 557 окуучу аяктады

Билим АКИpress - 2017-2018-окуу жылында Нарын облусундагы 141 мектепте 57 миң 636 окуучу билим алып, аларга 5 миң 947 мугалим билим-тарбия беришти.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 14 окуучу 200дөн жогору упай алып, эл аралык олимпиадалардан 16 окуучу байгелүү орундарга ээ болушкан. 44 окуучу Кытай, Казакстан, Россия мамлекеттеринде өткөн эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан. 3 окуучу олимиаданын жеңүүчүсү, 3 окуучу «алтын» сертификаттын ээси, 8 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына татыктуу болушту.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up