Турганаалы Жусуп Мамайтегиндин «Көчмөн кыргыз бий өнөрү» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

Турганаалы Жусуп Мамайтегиндин «Көчмөн кыргыз бий өнөрү» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

Билим АКИpress - 2018-жылдын 5-июлунда Турганаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегиндин «Көчмөн кыргыз бий өнөрү» китебинин бет ачары болуп өттү. Иш-чараны КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев ачып, улуттук баалулуктардын, анын ичинде бий өнөрүнүн артыкчылыктарына токтолду.

«Сөз бүткөн жерде музыка башталат, музыка башталган жерде кыймыл-аракет башталат, ал эми кыймыл-аракет — жашоонун булагы, тирүүлүктүн символу, адамдардын диалогун чагылдырган коммуникациянын бир түрү.

Бий — дүйнөнүн көп элдеринин музыкасындагы салттуу жанр. Бий — музыканын ыргагына ылайык, дене кыймылы аркылуу көркөм образдарды бере алган искусствонун бир түрү, элестүү, ыргактуу дене кыймылы. Адамдардын басканы, турганы, отурганы, жүрүш-турушунун бардык кыймылы бий өнөрүнүн пайдубалын түзөт. Бий тарыхы адамзаттын жаралуусу менен мезгилдеш. Мисалы, байыркы адамдардын аң уулоосу же отко, сууга сыйынуусу ритуалдык бийлер менен коштолгон.

Ааламдашуу этностордун оор абалдан чыгуусуна, өзүнүн лексикалык-лингвистикалык, тарыхый-маданий жана социалдык болмушундагы башаттарды издөөгө жол ачат. Менимче, ошондой башаттардын бири — бий өнөрү. Бийде улуттук дил болот. Бийде улуттук көз караш, психологиясы, таанып-билүүсү, философиясы, жалпы эле жаратылышка болгон мамилеси, аны менен эриш- аркак жашоого болгон умтулуусу берилет», - деди ал.

Турганалы Турсунаалы уулу «Манас» эпосун жайылтууга жана улуу манасчы Жусуп Мамайдын эмгектерин, улуттук баалууулуктарды, анын ичинде улуттук оюндарды, бий өнөрүн изилдөөгө жана ал аркылуу мамлекеттик тилдин бириктирип, ынтымакка чакыруудагы ролун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up