Таластык бүтүрүүчү Илимзат тогуз коргоол жана тарых сабагы боюнча ийгиликтерди жаратты

Таластык бүтүрүүчү Илимзат тогуз коргоол жана тарых сабагы боюнча ийгиликтерди жаратты

Билим АКИpress - Таластык бүтүрүүчү Илимзат Эгембердиева 2017-2018-окуу жылында тогуз коргоол жана тарых сабагынан олимпиадаларга катышып, ийгиликтерди жаратты. Учурда Медициналык академиясына тапшырууну пландап жатат.

«Мен 2001-жылы 25-октябрь күнү Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келгем. Бала чагым да Өзгөрүш айылында өттү. Азыр ушул айылдын тургунумун. Биринчи билим жолумду Өзгөрүш айылындагы С.Собуров атындагы орто мектептен баштадым. Бул мектепте 1-класстан 4-класска чейин окуп, андан кийин 5-6-класстарды ошол эле айылдагы Ү.Акынбеков атындагы мектебинде окудум. 6-классты аяктаган соң Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинде билим алдым. Лицейден 11-классты бүтүрдүм.

Буйруса, Медициналык академияга тапшырып жатам. Себеби бул окуу жай Кыргызстандагы күчтүү университеттердин бири. Эң негизгиси, оорулуу адамдарга колумдан келген жардамымды бергим келет. Окуу жылында мугалимдеримдин берген билиминин негизинде көп деген ийгиликтерге жетиштим. Эң биринчи жолу мен 10-классымда тарых сабагынан олимпиадага бардым. Бирок, тилекке каршы, 4-орунду алып калгам. Ал эми 11-класста 3-орунду багындыра алдым. Өзүм 3-4-орундарды алганым үчүн өкүнгөн жокмун. Анткени биринчиликти ала албасам да мен өзүмө керектүү нерселерди биле алдым. Бул олимпиадаларга мени Гүлжамал Алымкулова эже даярдаган жана мен бул эжеге ыраазычылыгымды билдирем. Мен ушул эжеден көптөгөн нерселерди үйрөнүп, билип алдым.

Менин эң кызыктуу күндөрүм — бул менин ата-энем, жакындарым, досторум, курбу-курдаштарым, сүйүктүүм менен өткөргөн күндөр. Алар мага өйдөдө өбөк, ылдайда жөлөк болгон адамдар.

Ар бир ийгиликке жетүүдө же сынакка катышарда ар бирибиздин жүрөгүбүздө кызыктуу көз ирмемдер калат. Менин эсимде калганы, тогуз коргоол боюнча мектептер арасында өтүүчү турнирге даярданып жатканыбыз. Таймаштын болоруна 1 күн калганда дене тарбиядан берген агайыбыздан командабыз менен сабактардан бошотуусун суранып, оюнга даярданып жатканбыз. Сабактардын бүтүшүнө 1-2 саат калганда «биздин сабакка кирген жоксуңар» деп эже-агайлардан тил укканбыз. Ошол учурда ыйлагыбыз келип, оюнга барбайбыз деп чыкканбыз. Бирок командабыз менен сүйлөшүп, барып 1-орунду алып келебиз деп өзүбүзгө сөз бергенбиз. Ошону менен эртеси күнү турнирге барып, мектептер арасынан 1-орунду алып, областтык мелдешке жолдомо алганыбыз эсимде. Балким, эгерде оюнга 1 күн калганда эже-агайлардан тил укпасак, 1-орунду алмак эмеспиз. Тил уккан күнү ыйлагыбыз келип, жинибиз келип жатса, эртеси күнү оюндан чыккандан кийин, ошол нерселерди эстеп, аябай сүйүнүп, агайларга ыраазылыгыбызды билдиргенбиз.

Мындан тышкары, тогуз коргоол жана волейбол менен машыгам. Анын ичинен белгилеп айта кетсем, тогуз коргоол боюнча жетишкендиктерим көп. Тогуз коргоол боюнча 2017-2018-жылдары мектептер арасында өткөн таймаштан 1-орунду жеңип, облустук турнирге жолдомо алдык. Ар бир командада 4 кыз болушу керек эле. Ошол кыздардын бири мен болдум. Бул турнирде Талас районунун атынан чыгып, бирок, тилекке каршы, 2-орунду алып калып, республикага чыкпай калганбыз. Бирок бул менин көңүлүмдү түшүргөн жок, анткени мунун баары сабак. Өзүм билбеген жаңы нерселерди үйрөндүм.

Өзүмдүн үй-бүлөм жөнүндө айта кетсем, үй-бүлөдө 7 бир туугандын эң улуусумун. Бирок, чоң атамдын биринчи небереси болгондуктан, улуу болсом да эрке чоңойгом. Үйдө баарыбыз эле эркебиз.

Алдыдагы максаттарымдын бири — ата-энемдин ак сүтүн актоо. Медакадемияга өтүп, ал окууну ийгиликтүү аяктап, жашоодогу ордумду таап жана бактылуу үй-бүлө куруу. Ошондой эле колумдан келишинче элдерге жардам берүү — менин негизги максаттарымдын бири.

Соңунда мени кичинемден бери тарбиялап өстүргөн ата-энеме, Талас облустук чет тилдер багытындагы лицей-комплексине, мага билим берип, экинчи ата-энем болгон жана келечегиме жол көрсөтүп, дайым колдоп-коштоп жүргөн менин эже-агайларыма, классташтарыма ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up