Аксыда окуучулар үчүн жайкы лагерь иштеп жатат

Аксыда окуучулар үчүн жайкы лагерь иштеп жатат

Билим АКИpress - Аксы районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жылгын айылындагы мурдагы туристтик базанын ордунда уюшулган жайкы лагерде 6 жылдан бери райондогу мектеп окуучулары эс алышат. Лагерь учурдагы Кызыл-Туу айылдык кенешинин төрагасы Абдивали Шайдиевдин демилгеси жана аракети менен уюшулган.

Уюштуруу иштеринде Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн кесип бирлигинин мурдагы төрагасы Аваз Бабакуловдун да эмгеги зор экендигин баса белгилеп кетүүгө болот. Республикалык мугалимдердин кесип бирлигинин уюму, Аксы РБББнүн, Аксы райондук ооруканасынын, райондук каржы бөлүмүнүн кесип бирликтери негизги каржылоо булактары болуп эсептелет.

Учурда лагерде 180 окуучу эс алууда. Дагы 2 нөөмөт менен ушунчадан бала эс алып, жалпы 500дөн ашык бала эс алып кайтышат.

«Бул жерде балдардын эс алуусу үчүн шарттар аябай жакшы. Лагердин жетекчиси Абдивали агай жамааты менен балдардын келишине жакшы даярданышыптыр. Лагердин аймагы таза-тыкан. Жаңы жатаканалар курулуп, төшөнчүлөр жаңыланыптыр. Тамак-аш жасоочу бөлмөлөрү талапка жооп берет. Күн сайын ушул жерде ысык нан бышырылып, 3 маал ысык тамак берилет. Быйыл окуучуларга ылайыкталып чоң бассейн курулуп, пайдаланып жатабыз. Быйыл эс алуучулар жылдагыдан да көп», - деди лагердин тарбиячысы Дарыя Абдираимова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up