Кореялык машыктыруучулар Кичи-Жаргылчактын окуучуларына тхэквондо өнөрүн бекер үйрөтүп жатышат

Билим АКИpress - 9-июлдан 17-августка чейин Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылынын жергиликтүү мектептеринин окуучулары үчүн тхэквондо өнөрүн үйрөтүү боюнча жайкы лагерь өтүп жатат.

Машыгуулар ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиисиясы тарабынан уюшулган «Күрөш өнөрүнүн ачык мектеби — 2018» жана ЮНЕСКО (Түштүк Корея) колдоосу астында жаштарды кызыкттыруу жана өнүктүрүү үчүн Эл аралык күрөш өнөрү борборунун алкагында өтүүдө.

Окутуу Корея Республикасынын тхэквондо боюнча алдыңкы машыктыруучулары тарабынан жүргүзүлүүдө. Сабактарга 7 жаштан 19 жашка чейинки 120 окуучу барып жатышат. Алардын арасында тхэквондого кызыккан кыздар да бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up