Жайлоо бала бакчаларына Улуттук Жазуучулар союзу 100 китеп белек кылды

Жайлоо бала бакчаларына Улуттук Жазуучулар союзу 100 китеп белек кылды

Билим АКИpress - Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Жайлоо өнүгүү борборлоруна кыргыз жана орус тилинде жаңы басылып чыккан 100 даана китеп-жыйнакты белекке берди.

Бул Жайлоо өнүгүү борборлоруна келген балдар үчүн абдан кызыктуу жана баалуу белек болду. Китеп-жыйнак «Каармандар өз досторун чакырат» («Герои приглашают своих друзей») деп аталып, ага 25 балдар жазуучуларынын чыгармалары кирген. Тактап айтканда, балдарга арналган бул жыйнакта «Каармандар өз досторун чакырат» аттуу сынакка катышкан Кыргызстандын белгилүү балдар жазуучуларынын чыгармалары топтолгон. Ошондой эле китепке сынакка катышкан балдардын сүрөттөрү да пайдаланылган.

Маалымат үчүн: Китеп ЮНЕСКОнун 2016-2017-жылдардагы №8290113171 «Каармандар өз досторун чакырат» («Герои приглашают своих друзей») балдар адабиятынын фестивалы программасынын алкагында жарык көргөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up