Диплом жактоо үчүн 400 доллар. КУУнун кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Диплом жактоо үчүн 400 доллар. КУУнун кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Билим АКИpress - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы 27 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал диплом жактоодо оң чечим үчүн акча талап кылган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Финансы полициясына КУУнун студенти Г.Т. диплом жактоодо оң чечим үчүн 400 АКШ долларын талап кылып жаткан кафедра башчысына карата чара көрүү тууралуу арыз жазган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-статьясынын 1-беренесине ылайык (мыйзамсыз сыйлык алуу) кылмыш иши козголду.

Ошентип, 2018-жылдын 14-июлунда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 27 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен Ж.Баласагын атындагы КУУнун кафедра башчысы С.Т. кармалды.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up