Бишкектик 210 окуучу Ысык-Көлдө эс алып келишти

Билим АКИpress - Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, калаадагы мектеп окуучуларынын Ысык-Көл жээгиндеги «Дзержинец» лагеринде жайкы эс алуусу соңуна чыкты.

Лагерде эс алуу июнь-июль айларында билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Лагерде Бишкек шаарындагы мектептерден 210 окуучу эс алды.

Лагердеги бардык иш-чаралар менен иш тартиби балдар оорусун алдын алууга, алардын ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образынын көндүмдөрүнө үндөөгө багытталганын айтышты 18-июлда Бишкек шаардык мэриясынан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up