Борбордук Азия университетиндеги жайкы лагерде 3 өлкөнүн окуучулары эс алышты (фото, видео)

Борбордук Азия университетиндеги жайкы лагерде 3 өлкөнүн окуучулары эс алышты (фото, видео)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин кампусунда уюштурулган жайкы лагерде боордош 3 өлкөнүн 78 окуучусу эс алып кайтышты.

Лагердин максаты – англис тилин жана математиканы тереңдетип окутуу менен бирге аларды эл аралык маанидеги жогорку окуу жайларга өтүүгө даярдоо. Алар 16 күн ичинде дебаттарга катышып, өздөрүнүн интеллектуалдык деңгээлин көрсөтө алышты. Белгилүү тарыхый жайларда болушуп, Ысык-Көлдө 3 күн эс алышты.

Мындай иш-чара жыл айын өкөрүлүп келет. Бул жолу 10-классты аяктаган Тажикстандан 27, Казакстандан 23 жана Кыргызстандан 28 окуучу келишти. Алар бул лагерге социалдык тармактар аркылуу сынактан өтүшүп, эс алууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жайкы лагердин жабылышына арналган жыйында университеттин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана 3 өлкөдөн келген эс алуучуларга сөз берилип, алган таасирлери туурасында өз ойлорун ортого салышып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чарага активдүү катышкан окуучуларга сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле 3 улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн каада-салттарын көрсөтүшүп, ырдап-бийлешип, өнөрлөрүн тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up