ЖРТ-2018: Кара-Буура району боюнча эң жогорку упай топтогон Айдана 10 миң сом менен сыйланды (фото)

ЖРТ-2018: Кара-Буура району боюнча эң жогорку упай топтогон Айдана 10 миң сом менен сыйланды (фото)

Билим АКИpress - Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы Керимбай атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Нурбек кызы Айдана жалпы республикалык тестирлөөдөн район боюнча жогорку упай (205 упай) топтоп, айыл өкмөт тарабынан 10 миң сом акчалай сыйлык алды.

«Мен 2000-жылдын 19-июнунда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 9 адамбыз, 5 бир туугандын экинчиси болом. Бош убакытымды көбүнчө үй-бүлөм менен маектешип, китеп окуп өткөрөм, андан тышкары, сүрөт искусствосу аябай кызыктыргандыктан, сүрөт тартуу менен алек болом. Албетте, интернет, музыкага, сыналгы көргөнгө да убакыт табам.

Быйыл Керимбай атындагы Кайнар орто мектебин ийгиликтүү аяктадым десем болот. Мектептен мен көбүнчө гуманитардык сабактарды: кыргыз тили жана адабияты, орус тили сабактарын жакшы көрүп окучумун. Ал эми так илимдер менен эч мамилем келишчү эмес (күлүп). Биринчи жолу райондук олимпиадага 2015-жылы 9-классымда так ушул кыргыз тили сабагы боюнча катыштым. Мугалимим Айымкүл эжеке менен аябай даярданып, 1-орунду багындырып келгенбиз. 10-классымда 3-орун, ал эми 11-класста 2-орундун ээси болгом. Албетте, бул ийгиликтин баарына эжекемдин жана билимге умтулуунун аркасында жеттим деп ойлойм.

2018-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн райондогу мектеп окуучулары арасынан жогорку упай (205) топтогон окуучу мен болдум. Бул кабарды укканда үй-бүлөм менен мугалимдерим мен да аябай кубанды десем болот. Мен дагы алардын ишенимин актаганыма аябай кубанычта болдум. Кичине кезимден дизайнер болууну аябай каалачумун. Бүгүнкү күндө ошол максатымды ишке ашыруу максатында Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура уничерситетинин архитектура жана дизайн бөлүмүнө тапшырдым.

Ар бир кыргыз атуулу өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну кааласа керек. Мен да өлкөнүн керегине жараган инсан болгум келет. Алдыга койгон пландарым аябай эле көп, буюрса, анын баарын ишке ашырам деп ойлойм.

Көк-Сай айыл өкмөтү окуу жылынын башында Токтогожоев жана Кайнар орто мектептеринен эн жогорку упай топтогон окуучуга үй-бүлөсүнүн атынан 10 миң сом берет деп айткан эле. Менин топтогон упайым эң жогорку болгондуктан, акчалай сыйлыктын ээси болдум. Ошондой эле ЖРТнын жыйынтыгы менен биздин Керимбай атындагы Кайнар орто мектеби билим сапаты боюнча райондогу мектептер арасында 1-орунда турат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up