Ноокат районунун 90 жылдыгына карата илимий конференция болуп өттү

Ноокат районунун 90 жылдыгына карата илимий конференция болуп өттү

Билим АКИpress - Бүгүн, 24-июль күнү Ноокат районунун 90 жылдыгына карата райондо илимий конференция болуп өттү. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынан билдиришти.

Конференцияда Ноокат районунан чыккан профессорлор, илимдин кандидаттары өз баяндамаларын окушту. Алар баяндамаларына райондун тарыхы, тарыхый улуу инсандары тууралуу сөз кылышкан. Иш-чарага айыл башчылары, мамлекет кызматкерлери, район тургундары катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up