Нарындык 10 жаштагы окуучу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиаданы жеңди (фото)

Нарындык 10 жаштагы окуучу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиаданы жеңди (фото)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектебинин окуучусу Амина Орозобекова Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада 1-орунду жеңип алды. Олимпиадага 80ден ашуун өлкөдөн 300гө чукул окуучу катышкан.

Амина учурда 3-классты аяктады. Анын менталдык арифметика боюнча окуп калышына дос кызы таасир берген. Сабактан кийинки мезгилде досу менен чогуу барып жүрүп, кызыгып калган. Азыр 4-деңгээлге жетти.

Олимпиаданын жүрүшүндө Амина 10 жаштан жогорку балдар менен ат салышты. Сынак 2 тур менен өтүп, 1-турда абакус эсептегичи менен чыгарууга 40 эсеп берилген. Берилген эсептерди 6 мүнөт убакытта чыгарыш керек болсо, Амина 4 мүнөт 15 секундада чыгарууга жетишкен. Ал 2-турда 40 эсепти визуалдык түрдө 2 мүнөттө эсептеп чыгарып, мугалимдерди таң калтырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up