Алтынбек Асилбеков — Жалал-Абад облусу боюнча «алтын» сертификат алган жалгыз бүтүрүүчү

Алтынбек Асилбеков — Жалал-Абад облусу боюнча «алтын» сертификат алган жалгыз бүтүрүүчү

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы №15 балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Алтынбек Асилбеков жалпы республикалык тестирлөөдөн 222 упай топтоп, «алтын» сертификаттын ээси болду.

«Лицейде тестирлөө боюнча курстар бар болчу, ошолордун негизинде жакшылап даярдандым. «Алтын» сертификат алам деп ойлогон эмесмин. Алгандан кийин өмүрү болуп көрбөгөндөй сезимдер болду. 200 упайдан өтсөм керек деп ойлогом, бирок «алтын» сертификат алам деп эч күткөн эмесмин», - дейт ал.

Алтынбек келечекте өзүн IT-инженери катары көрөт. Учурда Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up