Ат-башылык Билимбек Америка менен Германиядан билим алып, жеке бизнесин түптөдү (фото)

Жаңылыктар | 17:21, 31-июль 2018 | Жаңыртылган 16:00, 9 август 2018 | 12 034
Ат-башылык Билимбек Америка менен Германиядан билим алып, жеке бизнесин түптөдү (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — ат-башылык Бактыбек уулу Билимбек. Ал учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти. Германиядан, АКШдан билим алып келип, учурда жеке бизнесин да түптөдү.

Билимбек ийгиликтери тууралуу Билим АКИpress сайтына айтып берди.

«Мен 1996-жылы 25-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулгам. 1-класстан 7-класска чейин Ат-Башыдагы Ой-Терскен орто мектебинде окугам (2003-2009). Андан соң Нарын шаарында М.Субакожоев атындагы Кыргыз-Түрк «Сапат» лицейине барып, 11-классты бүтүрдүм.

Мектепти аяктап, Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырдым. Чет мамлекеттик окуу жайларга өтпөй калгандыктан, бул окуу жайга баргам. Ал гана эмес, бул окуу жайга өтүп, окуп баштаганда ыйлаган учурларым болгон. Себеби ошол убакта менин максатым бийик болгон эле. Ошол себептен «Манас» университетин теңиме алган эмесмин.

Ал эми Кыргызстандын ичинен 4 гана университетти тандагам: Борбор Азиядагы Америка университети, Ата-Түрк Ала-Тоо университети, Медициналык академиясы жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети. Калган 3 университетке бюджеттик негизде өтө алган жокмун, ошол себептен «Манаска» тапшырууга туура келген.

Бардык эле университеттердин өзгөчөлүгү бар. Ал эми «Манас» университетинин өзгөчөлүгү — эл аралык университет болуп саналат жана көбүнчө шаардан эмес, аймактардан студенттер тапшырат. Карапайым студенттерге заманбап технологиялар менен жабдылган эл аралык масштабдагы университетте окуусуна бекер шарт түзгөнү — бул чоң өзгөчөлүк. Ушундай эле эл аралык жогорку окуу жайларды карап көрө турган болсок, мисалы, БААУдагы, Ата-Түрктөгү окутуу келишимдик бааны талап кылат. Башка университеттер болсо мамлекеттик болуп саналат. Ал эми «Манас» түрк тарап менен биргеликте ачылган, ошондуктан окуу материалдарда да өзгөчөлүктөр бар.

«Манас» университетине биринчи жолу тапшырып келгенде депрессияга кабылгам. Себеби биздин лицейде окуп жүргөндө тигил же бул университетте окуйм деген каалоо өтө жогору болот. Ошол эле учурда «Манас» алардын катарында эсепке алынбайт. «Манастан» өзгөчө студенттерге жолуктум. Ошолордун арасында кыйын студенттер бар болчу. Ошондо «эмне үчүн бул университетте ошол студенттердин аты чыкпайт, эмне үчүн ушул студенттерди «Манаска» тапшырып жаткан абитуриенттерге көрсөтпөйт, абитуриенттер «Манаста» да кыйын студент болсо болот экен деген ойду эмне үчүн алар бере албайт?» деген ой келген.

Ошол учурда «Манастын долбоору» деген долбоорду баштагам. Ал жерде «Манас» университетиндеги ийгиликтүү студенттерден интервью алып, чыгарчубуз. Максатым эмне болгон? Мага окшоп «Манасты» төмөнкү деңгээлде деген абитуриенттерге бир аз болсо да түрткү берүү максаты болгон. Мен университетке тапшырган жылдары активдүү болдум.

Германия мамлекетинде International Student Week in Ilmenau (ISWI) деген программа бар. Ал дүйнөлүк алдыңкы студенттик конференциялардын катарына кирет. 2015-жылы ошол жерге барып келдим. Мен дайыма ар кайсы программаларга катыша берчүмүн. Дайыма чет мамлекеттерге бир нерсе тартып турчу. Чет мамлекеттерди көрүп, чет өлкөлүк студенттерге аралашкым келчү. «Манаска» келгенде да англис тилим аябай начар эле. Англис тилинде сүйлөшкүм келди. Жан дүйнөм кандайдыр бир атмосфераны каалаган.

Германия бардык каражаттарды өз мойнуна алды (жатакана, тамак-аш ж.б.). Бирок жол кирени өзүбүз төлөшүбүз керек эле. Бул учур өзүмдү сынаган учур болду. Абдан баргым келип, жол киреге каражат издеп баштадым. Бизнесмендерге, депутаттарга ж.б. көптөгөн адамдарга кайрылдым. Бирок эч жерден таба алган жокмун. Депутаттар да, бизнесмендер да — баары баш тартып коюшту. Болбой калды го, масс-медиага барып көрөйүн деп «Азаттыкка» маектешүүгө бардым. Ошол жерден Зейнеп деген эже интервью алды. Интервьюга элдин баары көңүл буруп, «500 доллар таба албай калыптырбы, ата-энеси жок бекен, элге жарыя кылбай эле барып келбейби, эмнеге элге көрүнгүсү келип жатат» деген сөздөр айтылды. Биздин коом акчам туруп эле өзүмдү пиарлап чыгып жаткансып же элге көрүнгүм келип жаткандай кабыл алышты. Мени бул аябай өкүндүрдү. Ичимден «чыкпай эле койбой» деп ойлоп кеттим. «Азаттыктан» Зейнеп деген эжеке ушул адамдарга кайрыл деп 10 кишинин атын жазып берди. Ошол эже мага аябай жардам берген. Тизмедеги адамдарга чала баштадым. Алардын арасында юрист, депутат, бизнесмендер бар болчу. Акырында тизмедеги тогузунчу адам макул болду. Ал Жогорку Кеңештеги бирөөнүн жардамчысы болчу. Атымды айтпа деп, ошол адам мага жардам берип, Германияга баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Германия мени өзгөрттү. Чет өлкөлөрдөн биринчи жолу Германияны көрдүм. Ал жактан бир аз болсо да түшүнүгүм алмашты. Ар түрдүү темаларда талкуулар болуп, бир топ нерсеге түрткү берди. Мен жаткан хостел (Европа форматындагы мейманкана) аябай жагып, Кыргызстанга да ачайын деген ниет пайда болду. Учурда максатым ишке ашып, Бишкек шаарында туристтерди кабыл алуучу хостелди иштетип жатам. Буга Германия түрткү болгон.

Быйыл «Юград» программасы менен АКШга барып, 1 семестр окуп келдим. Германияда 20 күн жүрсөм, АКШда 6 ай жүрүп келдим. Программа «Юград» деп аталат. Ал Америка элчилиги тарабынан каржыланат. Бирок ал жакка өтүү сынагы абдан оор. 2017-жылы ушул сынакка катыштым. Апам мени аябай түшүнүп, колдойт. Жаңы жыл күнү — документ жиберүүнүн акыркы күнү болчу. Апама чалып: «Америкага тапшырып жатам, бул жакта калышым керек, жаңы жылда үйгө барбай эле коёюн», - деп айтсам, апам жалгыз болсо да макул болду. 31-декабрда элдер жаңы жыл тосуп жатканда, мен документ жибердим. АКШга баруу үчүн эң биринчи максат коюу керек. Сынакка өтүү абдан оор. 700 бала тапшырып, алардын ичинен Кыргызстандан бешөөбүз өттүк. Ошентип, 1 семестр Америкага барып окуп келдик.

Бишкекте ачкан конок үй боюнча айтсам, ал хостел деп аталат. Мага хостел деген түшүнүк Германияга барганда кирген. Ага чейин эмне экенин билчү эмесмин. Германияга биринчи барганда хостелде жатканбыз. Өтө кымбат эмес. Ошол эле учурда ичи абдан ыңгайлуу, бардыгы орду-орду менен. Ошондо Кыргызстанга да ачайын деп ойлоп койгон элем. Кыргызстанга келер замат хостел деп издесем, беш-алтоо бар экен. Ошол бойдон ошол идея калып калган.

2015-жылы туризм тармагында долбоор баштоону көздөп, IT, интернет технологиялар менен байланышкан долбоорду баштадым. Кыргыз мамлекетинде көп иш-чаралар өтөт. Менин оюм мындай болчу: ошол иш-чараларды англис тилине которуп, сайтка жайгаштырып, сайт аркылуу чет өлкөлүк адамдарга билет сатуу. Өткөрүлүп жаткан иш-чара жөн гана кыргыздар үчүн майрам болбой, туристтерди тарта турган, кыргыз маданиятын тааныта турган иш-чара болуп жаткандан кийин сөзсүз түрдө чет элдерге да көрсөтүлүшү керек деген ой менен сайт иштеп чыгып, ошол жерге жалаң англис тилинде маалымат бере баштаганбыз. Менин сайтым болуп жаткан иш-чараларды толук англис тилине которуп берген жалгыз сайт болчу. Ал сайтты каржылоо үчүн инвесторлорду тапкам. Алар башында каржылашты. Кийинчерээк каржылоо токтогондуктан, биздин долбоор да акырындан ишин токтотууга дуушар болду.

Андан кийин да токтоп калган жокпуз. Бир максатым ишке ашпай калды дедим да, экинчи максатты көздөй бет алдым. Экинчи долбоорум Кыргызстандын туризм тармагындагы көйгөйлөрүн туристтер аркылуу аныктоого арналган. Анткени биз бул жакта жашагандыктан, туризм тармагындагы көйгөйлөр көзүбүзгө көрүнбөйт. Ошондуктан ушул көйгөйлөрдү келген туристтер көрүп, бөлүшүүсү үчүн аянтча түзүп берүү максатында ушул долбоорду иштеп чыккам. Ал жактан Асан деген бала менен таанышып, ал экөөбүз ушул долбоорду ишке ашырганбыз. Ал жакта да колдоо жок болгондуктан, токтоп калды. Социалдык долбоор болгондуктан, грант менен иштеш керек болчу.

Андан кийин грант менен иштегенде ар кимге көз каранды болот экенбиз деп, хостелди баштадым. Бул жакка команда чогултуп, идея менен бөлүштүм. Командабыз күчтүү. Хостелди мен Америкада жүргөндө баштадык. Учурда аны иштетип жатабыз. Биздин негизги өзгөчөлүк эмнеде? Кыргызстанда да ар түрдүү хостелде бар, бирок биздин концепция башкача көз карашта ишке кирди. Жума сайын ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз. Негизги максат — туристтер менен жергиликтүү элдерди бири-бирине аралаштыруу, бири-биринин ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө аянтча куруп берүү. Жөн гана туристтер келип, жатып кетчү жер эмес, туристтер элге аралашуучу жай. Иш-чаралар аркылуу туристтер менен жергиликтүү элдин мамилесин бекемдөөгө салым кошобуз деп ишенип баштаганбыз.

Мен АКШда окуп жүргөн мезгилде океанды биринчи жолу Майами шаарындагы Miami Beachте көрдүм. Океанды Майамиде көрүү менин бала чактан берки кыялым эле. Ичимде ат-башылык кичинекей кара баланын кыялын орундатканыма абдан сүйүндүм. Көзүмө жаш айланды, аябай толкундандым. Бул жерде айтайын дегеним, кыялдарыбызга ишенүү керек. Эгер бул макаланы окуп жаткан, айылдан шаарга жаңы келген, чоң кыялы бар бала болсо, ошого кайрылып айтар элем: «Кыялды орундатуу үчүн көп акчанын шаардагы күчтүү мектептерде окуунун, акчасы бар ата-эненин, тилдерде эркин сүйлөөнүн кереги жок. Болгону чын дилинен болгон каалоо керек».

Коомчулук тарбиялаган көз караш эмес, өзүбүз туура деп эсептеген көз караш ар дайым приоритеттүү болуусу зарыл. Себеби эртеңки күнү коомчулук биз үчүн жооп бербейт. «Эл эмне дейт?» деген нерседен коркпош керек.

Сөз аягында апама кайрылгым келет: «Апа, мен сиздин үмүтүңүздү актайм!», - деп сөзүн жыйынтыктады Билимбек.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up