Кыргызстан менен Кытайдын илимдер академиялары кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Билим АКИpress - Кытай илимдер академиясынын делегациясы Кыргыз Улуттук илимдер академиясына «Бир кур, бир жол» концепциясынын алкагынын негизинде сапарын жасады. Кытай өлкөсүнүн бул туру Улуу Жибек жолун бойлото жайгашкан 9 өлкөнү кыдырып чыгууга багытталып, анын ичинде алар биринчилерден болуп Кыргызстанга келишти. Жолугушууда эки өлкө илимдер академиялары аркылуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушууга Кытай илимдер академиясынын Искусство борборунун жетекчиси Ван Вэйтянь, «Жибек жолу» маданий турунун жетекчиси Сун Цзяньцинь жана Пекин «Чжумэн Тяньчэн» маданий борборунун жетекчиси Жэнь Голян катышып, аларды УИАнын президентинин кеңешчиси, профессор Ч.Койчуманова жана УИАнын президиумунун эл аралык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Русланова кабыл алышты.

Делегациянын сапарынын негизги максаты – Кытай илимдер академиясы менен КР УИАнын ортосундагы маданий жана илимий-техникалык тажрыйба алмашууларды алга жылдыруу болуп саналат. Андан сырткары, жолугушууда кызматташуунун ар кыл багыттары дагы эске алынды. Ошондой эле эки тарап биргеликтеги кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча меморандумга кол коюну чечишти. Кытай илимдер академиясынан келген делегация алдыдагы кызматташуу менен тереңден таанышуу максатында УИАнын президенти М.Жуматаевди өлкөнүн илимдер академиясына чакырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up