Кыргызча сүйлөгөн Америкалык ыктыярчы Тилла Халли: Англис тилин китеп менен гана үйрөнүүгө болбойт (видео, фото)

Кыргызча сүйлөгөн Америкалык ыктыярчы  Тилла Халли: Англис тилин китеп менен гана үйрөнүүгө болбойт (видео, фото)

Билим АКИpress - Американын Луизиана штатынан келген 25 жаштагы Тилла Халли «Тынчтык Корпусунун» ыктыярчысы. Ал 2 жыл Кара-Буура районундагы Орозбеков атындагы мектепте англис тилинен сабак берип иштеди. Тилла айылдык мектептеги иши жана англис тилин кантип үйрөнүү керектигин айтып берди.

«Мен Кара-Буура районундагы Орозбеков атындагы мектепте англис тилинен сабак бердим. Бир кыргыз мугалим менен чогуу иштечүмүн. Биз балдарга англис тилинен сабак берип, ийримдерди жана лагерлерди уюштурдук. Көбүнчө 3-11-класстын окуучуларына сабак бердим. Балдар менен жумасына 24 саат иштеп, 6 ийрим өтчүмүн. Былтыр Америкадан 400 китеп алып келгем. Китепканага окшогон ресурстук англис тили борборун ачтым.

Кыргыздар абдан мээримдүү. Мен стресске кабылып же маанайым түшүп турганда кыргыздар мага жардам беришти. Кыргыз жери аябай кооз экен. Биздин штатта абдан ысык жана түздүктө жайгашкан, бизде тоолор жок. Кыргызстан аябай кооз!», - дейт Тилла Кыргыз жергеси тууралуу.

Ыктыярчынын айтымында, апасы менен атасы — экөө тең 60 жашта. Сиңдиси 19 жашта, Лиузиана штатындагы университетте окуйт. «Мен болсо PR бөлүмүндө окугам», - дейт ал.

«Айылдарда ресурстук нерселер жок, шаарда болсо оңоюраак. Анткени шаарларда англис тили курстары, китептер бар. Айылда англис тили мугалимдери, китептер, курстар жок. Кыргыздар «англис тилин канча окушум керек?» деп көп сурашат. Англис тилин китеп менен гана үйрөнүүгө болбойт, күн сайын сөз үйрөнүш керек. Практика керек, сүйлөшүү керек. Мисалы, китеп менен гана үйрөнгөн адамда практика жок, антени сүйлөшкөндөн уялат. Ал сөзсүз түрдө сүйлөшүүсү керек. You Tube каналында англис тилин үйрөнүү боюнча видеолор бар, ошолорду көрсө да болот», - деди Тилла Халли.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up