Алайдын Күң-Элек айылындагы мектептин имараты 3 жылдан бери курулуп бүтө элек

Алайдын Күң-Элек айылындагы мектептин имараты 3 жылдан бери курулуп бүтө элек

Билим АКИpress - Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Күң-Элек айылында С.Карыев орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу 3 жылдан бери бүтпөй келет. Чоң жыйын залы жок курулуп жаткан мектептин имаратын ушул жылдын аягына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалып жатканы маалым болду.

С.Карыев орто мектебинин эски имараты 1964-жылы курулган. Ал эми 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал имаратты авариялык абалда, жараксыз деген корутунду чыгарган. Ага карабастан мектеп жыл сайын оңдоодон өтүп, балдарга билим берилип келет.

Мектеп директору Замирбек Сарыбаевдин айтымында, учурда жалпы 248 окуучу бар.

«Учурда мектептин окуу имараты менен спорт залы курулуп жатат. 225 орундуу жаңы мектеп болот. Биздин эски имарат 240 орундуу эле. Мектептин ашканасы да авариялык абалда.

Жаңы мектептин долбооруна чоң залы кирбей калган. Биз кайрадан капиталдык курулуш башкармалыгына жыйын залын кошуп берүү боюнча кат менен кайрылганбыз. Алар окуу имараты бүткөндөн кийин чоң залдын долбоору даярдалып, өзүнчө курула турганын айтышты», - деди директор.

Айыл өкмөттүн башчысы Нурлан Матановдун айтымында, мектептин тендердик баасы 37 млн сом болгон. Учурда имараттын дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up