Нарын облусунда 4 мектеп аккредитациядан өтпөй калды

Билим АКИpress - Нарын облусундагы мектептерди аккредитациядан өткөрүү жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгы менен Нарын районундагы К.Жусупов жана Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева, Шамен, Т.Темирова атындагы орто мектептер аккредитациядан өтпөй калышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары билдиришти.

Ал эми Жумгал районундагы Б.Кожоналиева, «Кызыл-Октябрь», Н.Крупская жана Тыналы атындагы орто мектептери 1 жылдык мөөнөт менен өтүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up