Улуттук университет менен Шанхай саясат жана укук университети кызматташуусун улантат

Улуттук университет менен Шанхай саясат жана укук университети кызматташуусун улантат

Билим АКИpress - 2018-жылдын 6-августунда КУУнун ректору Канат Садыков Шанхай саясат жана укук университетинен келген делегацияны кабыл алды. Жолугушууда аталган окуу жайдын партиялык комитетинин бөлүм башчысы Цзян Суняо мырза, жаштар лигасынын катчысынын орун басары Сюн Лихуа мырза жана окуу бөлүмүнүн кызматкери Янг Лийин айым менен болгон сүйлөшүү учурунда эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты өрчүтүү маселелери талкууланды.

Башкы имараттагы кичи жыйындар залында болгон чогулушта КУУнун ректору ШСУУдан келген 28 студентке Улуттук университет жана эки ЖОЖдун ортосундагы алакалар тууралуу айтып, кытайлык студенттердин суроолоруна жооп берди.

Иш-чарага ошондой эле «Рассвет Шелкового пути» билим берүү борборунун директору Субай Анарбек, КУУдагы «Бир алкак, бир жол» билим берүү борборунун директору Рашид Юсупов, КУУнун эл аралык кызматташуу департаментинин жетекчиси Бакыт Келдибеков жана юридика илимдеринин доктору, КУУнун профессору Кайрат Осмоналиев катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up