Өзгөн шаарында мыкты мектеп, мыкты бала бакча жана мыкты мугалимдер сыйланышты (фото)

Өзгөн шаарында мыкты мектеп, мыкты бала бакча жана мыкты мугалимдер сыйланышты (фото)

Билим АКИpress - Кечээ, 14-август күнү Өзгөн шаарында билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп, шаардагы мыкты мектеп, мыкты бала бакча жана жылдын мыкты мугалимдери сыйланышты. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, кеңешмеге Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары А.Бакышов, Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атажанов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары П.Эргешова катышып, жаңы окуу жылынын башталышы менен бардык билим берүү кызматкерлерин куттукташты. Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан «2018-жылдын мыкты мектеби» сынагын жеңген №7 мектеп-гимназиясынын эмгек жамааты 4 миң сом акчалай сыйлыкка жана 1-даражадагы дипломго ээ болду.

Ал эми «Жылдын мыкты мугалими - 2018» кароо-сынагында Өзгөн шаары боюнча жеңүүчү болгон Салкынай Сыргатаева 3 миң сом жана диплом менен сыйланды.

Өзгөн шаарында «Жылдын мыкты бала бакчасы» болгон « Ай-Мээрим» бала бакчасынын жамааты 3 миң сом акчалай сыйлыкка жана дипломго татыды.

Мындан сырткары, жалпы республикалык тестирлөөдө окуучулары салыштырмалуу жакшы упайларды алган мектептер да сыйлыктарды алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up