Кара-Сууда жылдын мыкты мектептери, бала бакчалары жана мугалимдери сыйлынышты (фото)

Кара-Сууда жылдын мыкты мектептери, бала бакчалары жана мугалимдери сыйлынышты (фото)

Билим АКИpress - Кечээ, 17-август күнү Кара-Суу райондук админстрациясында мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, ага район боюнча 50гө чукул мугалим катышты.

Райондук админстрациядан билдиришкендей, мыкты жетишкендиктерди багынткан мектептерди, мугалимдерди жана окуучуларды аким Тилек Матраимов диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйлап, жаңы окуу жылында мындан да жогорку ийгиликтерди жаратуусуна тилектештигин билдирди.

«Мугалимдерге жана окуучуларга алдыдагы окуу жылында ийгиликтерди каалайм. Дүйнөдөгү бардык илимпоз-окумуштуулардын да мугалимдери болгон. Айрыкча, кесипкөй мугалимдер арабызда көп болсун», - деди Т.Матраимов.

«Кеңешмеде 7 наам боюнча диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. «Жылдын мыкты мектеби», «Жылдын мыкты шаар мектеби», Жылдын мыкты иновациялык мектеби», «Жылдын мыкты айыл мектеби», «Жылдын үлгүлүү мектеби», «Жылдын үлгүлүү бала бакчасы», «Жылдын мыкты бала бакчасы» наамдарына татыктуулар сыйланышты. Мыкты жана үлгүлүү деп табылган мектептерди диплом жана 20 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйладык. Ал эми мыкты жана үлгүлүү бала бакчаларга диплом жана 5 миң сом сыйлык бердик. Ошондой эле география сабагынан республикалык олимпиадада 2-орунду алган Нуртилек Жолдошбаев жаны аны даярдаган мугалим Абдуманап Мадумаров 20 миң сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту», - деди акимдин орун басары Мехринса Жороева.

Райадминстрациянын маалыматы боюнча райондо жалпы 128 мамлекеттик мектеп, 5 жеке менчик мектеп, 80 мамлекеттик бала бакча, 10 жеке менчик бакча бар. Райондун аймагында жалпы 5 миңден ашуун мугалимдер эмгектенет. Былтыркы жылы Кара-Суу районунда 3 окуучу республикалык олимпиадаларда 3 орунду, 1-2-3-орундарды жеңип келишкен. Алардын ичинен 1-орунду алган окуучу райондук админстрация тарабынан 1000 доллар акчалай сыйлык менен сыйланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up