Нарындагы «Алтын балалык» бала бакчасынын жайкы лагерине айыл, шаарлардан балдар барышууда (фото)

Нарындагы «Алтын балалык» бала бакчасынын жайкы лагерине айыл, шаарлардан балдар барышууда (фото)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №14 «Алтын балалык» балдар бакчасынын алданыда ачылган жайкы лагерге Бишкек шаарынан жана айылдардан бери балдар келип окуп, эс алышууда.

Маалым болгондой, 18-июнда өз ишин баштаган жайкы лагерь 3 сааттык программа менен иш алып барат. Ага баш-аягы 50гө жакын бала катталып, башка жактардан да балдар барып жатышат. Лагерде көбүнчө балдарды жаратылышка жакындатуу максаты көздөлүүдө.

Тарбиячы Атыркүл Акматованын айтымында, мындай окутууга ата-энелер ыраазы болуп жатышат. «Ата-энелердин баары сүйүнүп, ыраазычылык айтышууда. Бул жерден балдар жомокторду үйрөнүп жатышат. Негизи балдарды 3 жаштан 5 жашка чейин кабыл алып жатабыз, кээде кызыгып мектеп окуучулары да келишет. Ар бир жума күндөрү оюн-зоок программаларыбыз уюштурулат, анда бөбөктөрдү батутка ойнотуп, музей көргөзүп жатабыз. Кол эмгек менен да алектенип, ийлеп-чаптоо, түстүү кагаздар менен иштегенди, жалбырак, гүл, чөптөрдөн ар түрдүү нерселерди жасаганды үйрөтүүдөбүз. Бизге бир гана Нарын шаарынан эмес, айылдардан, Бишке шаарынан бери балдар келип жатышат», - деди А.Акматова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up