Кочкордогу Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясына 33 жаштагы жаңы директор келди

Кочкордогу Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясына 33 жаштагы жаңы директор келди

Билим АКИpress - Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын директору болуп Турсуналиев Тынчтыкбек Иманалиевич дайындалды. Бул тууралуу Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Т.Турсуналиев буга чейин мектепти жетектеп келген Өмүрбек Бейшенбиев ардактуу эс алууга узагандан кийин анын ордуна кызматка келди.

Т.Турсуналиев 1985-жылдын 9-апрелинде Кочкор районунун Шамшы айылында туулган. 2002-2007-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы технология институту факультетин аяктаган. Эмгек жолун 2006-2007-жылдары Бишкек шаарындагы «KG» интернет клубунда иштөө менен баштаган. 2007-жылдан ушул убакка чейин Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында информатика мугалими болуп иштеп келген.

Ал учурда үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up