Кыргызстанда мугалимдердин саны 3 миңге кыскартылды. Эмне үчүн?

Кыргызстанда мугалимдердин саны 3 миңге кыскартылды. Эмне үчүн?

Билим АКИpress - Кыргызстандагы мектептерде окуу сааттары кайра бөлүштүрүлгөндөн кийин 3 миңге жакын мугалим жумушсуз калды. Бул кырдаал боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен пикир билдиришти.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын сөзүнө караганда, анын 2018-жылдын 5-январындагы «Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерине (мугалим) тиешелүү болгон апталык окуу жүктөмүн бөлүштүрүү жөнүндө» буйругуна ылайык, билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин жумалык окуу жүктөмүнүн төмөнкү чектик көлөмү аныкталган.

«Бул билим берүү сапатын жакшыртуу үчүн жасалды», - деди министр. Ал Билим берүү министрлигинин функциясы — бул аймактардын жашоочуларын иш менен камсыздоо эмес, билим берүү сапатын жакшыртуу экенин белгилеп өттү. «Айыл тургундарын жумушка орноштуруу боюнча чараларды башка мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик көрүшү керек», - деди Г.Кудайбердиева.

Министр белгилеп өткөндөй, дүйнөлүк практикада мектеп мугалимдеринин окуу жүктөмү жумасына 30 сааттан кем эмес. Мындай практика Сингапурда, Түштүк Кореяда, Финляндияда ж.б. көптөгөн өлкөлөрдө бар дейт министр.

«А бизде 1 мугалимдин апталык жүктөмүн бир канча мугалимге бөлүп коюшкан. Мисалга, Араван районунда кыргыз тили боюнча 53 саатты 9 мугалимге бөлүштүрүп коюшуптур. Андай болсо мугалим мектепке жумасына 1-2-3 жолу эле барып жүргөн. Бул түздөн-түз билим берүү сапатына терс таасирин тийгизет», - деп эсептейт билим берүү министри.

Ал түшүндүрүп кеткендей, мындай кырдаал 2011-жылдын 19-январында өкмөттүн №18 токтому менен мугалимдер үчүн сааттык окуу жүктөмүнүн негизинде эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары киргизилгендиктен келип чыккан. Ошондо да өлкөдөгү мектептерде эч кандай документ менен окуу саттарын бөлүштүрүүнүн өз тартиби каралбай калып, ал окуу жүктөмүн майдалоого алып келди.

Саны кыскарган 3000 мугалимдин ичинен болжолдуу 1 миң 900 мугалим — бул пенсия курагындагылар. «Алар пенсия алышат», - деп белгиледи министр. Анын айтымында, калган миңге жакын мугалим кайра окутулат же мугалим жетишпеген мектептерге жиберилет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up