Москва районунан 15 мугалимге «КР Билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси ыйгарылды

Москва районунан 15 мугалимге «КР Билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси ыйгарылды

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районунда «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнү негизи – бардыгы үчүн сапаттуу билим берүү» деген теманын алкагында мугалимдердин август кеңешмеси өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Насирдин Тезекбаев маалымдады.

Кеңешмеде актуалдуу маселелер талкууланып, кечээкинин сабактарын, бүгүнкүнүн талаптарын, келечектин барактарын анализ-синтездеген инновациялык жаңылануу жолундагы кадамдар ташталды. Өзгөчө, электрондук окутуу, жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүүнүн дүйнөлүк стандарттарын кабылдоо зарылчылдыгы белгиленди.

«Биздин эң башкы максатыбыз – мугалимдерге жана окуучуларга талаптагыдай шарт түзүп берүү. Ошондо гана адистик, методикалык чеберчиликти көтөрөбүз. Билим сапаты да жогорулайт. Окуутунун жаңы технологияларына басым жасалат. Бул өңүттөн алып караганыбызда натыйжалуу жумуштар аткарылган. Бизде 33 мектеп бар, учурда алардын 27си Интернетке туташтырылган. Тактап айтканда, маалымат алуунун, кайтарымдын ыкчамдыгы, сапаттуулугу, сабаттуулугу артты. Ошону менен бирге убаракерчилик азайды, «Таза коом» программасынын булагынын көзү ачылды.

Экинчиден, коопсуздукту сактоо максатында 15 мектебибизде видеокөзөмөл бар. Мындай жашыл жарык тартуулаган ийгиликтер уланат. Мына, август кеңешмесинде 15 мугалимге «КРнын Билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, 14 мугалимге Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы ыйгарылды», - деп айтып берди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Н.Тезекбаевдин айтымында, кадр маселеси аймактарда курч бойдон калууда. Мугалимдердин маянасынын аздыгынанбы, коммуналдык жардамдардын жетишсиздигиненби, айтор, жаш мугалимдер элеттен качышат. Шаар жашоосуна, маданиятына ыкташат. Класс-комплектиси аз мектепте айрым предметтик сабактардын сааты да чектелүү. Маселен, сөз козголгон райондо 1 жылдык келишим менен иштеген мугалимдерди кошкондо 110 адис жетишсиз. Анын көпчүлүгүн орус тилинде окутулган мектептер түзөт.

«Тарбия жагына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Тарбия менен билим – куштун кош канатындай. Президенттин демилгесин колдоо максатында класстан жана мектептен сырткаркы иш-чараларда «Апрель революциясынын баатырлары» деген тематикада түрдүү иш-чаралар белгиленди», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up