Ак-Сууда 240 мугалимдин катышуусунда август кенешмеси болуп өттү

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Ага район жетекчилиги, мугалимдер, бала бакча кызматкерлери, коомчулук өкүлдөрү катышты.

Иш-чара пленардык чогулуш түрүндө өтүп, предмеддик сессиялардын кеңешмелери менен уланды.

Кеңешмеде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Темиралиев өткөн окуу жылында аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, райондо 12 миң 759 окуучу окуп, 1 миң 310 наристе бала бакчаларда тарбия аларын билдирди. Ал өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө сапаттуу билим берүүнүн маанисин белгилеп, мугалимдердин түйшүктүү ишине ийгилик каалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up