Кара-Көлдө мыкты мугалимдер сыйланды

Кара-Көлдө мыкты мугалимдер сыйланды

Билим АКИpress - Бүгүн, 27-августта Кара-Көл шаарында мугалимдердин август конференциясы болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи — бардыгы үчүн сапаттуу билим берүү» аталышындагы иш-чарага шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрөгасы Б.Кыргызалиев катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Кеңешменин алкагында Билим берүү жана илим министирлигинин Ардак граматасы менен 10 мугалим сыйланды. Алар:
- №2 Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинен Ш.Жаманкулова, А.Айтбаева жана Ж.Айсариева;
- №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинен Ж.Абышева жана Э.Адегамова;
- №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептен Т.Айтмаматова;
- №5 К.Хуриев атындагы орто мектептен А.Ашкамова жана И.Оомбаев;
- №6 Т.Темиров атындагы орто мектептен П.Сайназарова;
- Балдар чыгармачыл үйүнүн ийрим жетекчиси Т.Мүсүралиева.

Ошондой эле «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен Ш.Токтосунов, Б.Карагулова, М.Байымбетов, Ы.Молдомусаева, Г.Сакеева, А.Досалиева, Б.Курманалиева, Г.Өмүркулова сыйлынышты.

Ал эми Облустук усулдук борбордун Ардак граматасы №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын мугалими Ы.Сейденбаевага, №6 Т.Темиров атындагы орто мектептин мугалими М.Култаевага, №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Г.Чыналиевага тапшырылды.

Ал эми ардактуу эс алууда олтурган 30 мугалимге жана 2 жаш адиске, 60-65-70 жашка толгон 7 пенсионер мугалимге акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Ал эми КРнын Билим берүү жана илим министирлиги уюштурган «Ысык-Көл досторун чакырат-2018» эл аралык этно фестивалына катышкан шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн 19 тарбиялануучусу Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак граматсы менен салтанаттуу сыйланды. Элдик аспаптар боюнча 1- орунду ээлеген, ушул эле жанрдын соло багытында 4-орундун жана кызыктыруучу сыйлыктын ээси А.Мамытбеков, «Элдик аспап-ансабль» боюнча баш байге ээлери «Келечек» комузчулар ансамбли, көркөм окууда 1-орунду алган С.Жанызакова, ушул жанр боюнча 4-орундун жана кызыктыруучу сыйлыктын ээси Б.Солдатова жана сүрөт жанры боюнча 4-орундун жана кызыктыруучу сыйлыктын ээлери А.Качыбекова менен А.Жолдошбекованын фестивалдагы ийгиликтери баса белгиленип, куттуктоолор айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up