ЖРТ упайларынын жыйынтыгы боюнча Оштогу алдыңкы райондор аныкталды

ЖРТ упайларынын жыйынтыгы боюнча Оштогу алдыңкы райондор аныкталды

Билим АКИpress - Ош облусунда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен босого упай боюнча Ноокат району алдыңкы орунда, ал эми орточо упай боюнча Кара-Кулжа району алдыга чыкты. Бул тууралуу Ош билим берүү институнун директорунун орун басары Асан Артыкбаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жыйынтыктар босого упай жана орточо упай болуп 2 категорияда каралды. Тестирлөөнүн орточо упайы боюнча Кара-Кулжа району 116,8%ды түзүп, бул жыйынтык облуста 1-орунду көрсөттү. Ал эми Алай району 116%ды, Ноокат району 114,4%ды түзгөн.

Ал эми босого упай боюнча (110 упайдан жогору) Ноокат району 60,2%ды түзүп, Кара-Кулжа району 54,4%ды түзгөн. Эң төмөнкү көрсөткүчтү Өзгөн шаары көрсөттү»,- деди Артыкбаев.

Ал эми Ноокат районунда өткөрүлгөн август педагогикалык кеңешмесинде райондо билим сапатындагы көрсөткүчтөр алдыга жылып жатканы айтылды. Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынын басма сөз катчысы Зайнабидин Мамасадыковдун айтымында, былтыркы жылы 5 окуучу 200 упай топтосо, быйыл 6 окуучу 200 упайдан жогорку упайларды алышты. «Облус боюнча 210 упайды да биздин райондун окуучусу топтоду. 5 окуучу лицей-гимназиялардын окуучулары болсо, 1 окуучу орто мектептин окуучусу», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up