Математик Шайыр Солтобаева жарым кылым өмүрүн мектеп менен окуучуларга арнады (фото)

Математик Шайыр Солтобаева жарым кылым өмүрүн мектеп менен окуучуларга арнады (фото)

Таластык математика мугалими Шайыр Солтобаева 46 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап, окуучуларга талыкпай билим берип келет. «Мугалим башка кесиптин ээси боло алат, бирок башка кесиптин ээси мугалим боло албайт» деген мугалим өзү жана мугалимдик иши тууралуу айтып берди.

«Мен 1955-жылы 18-февралда азыркы Бакай-Ата районундагы Урмарал колхозуна караштуу Көк-Таш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 8 бир тууганмын (2 кыз, 6 уул). Балтыркан балалык курагым ушул Көк-Таш айылында өттү. 1962-жылы Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь орто мектебине 1-класска кабыл алынып, окуп баштадым. Мектепте өз оюмду ачык айткан, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулардын катарын толуктачумун. Башталгыч класста эле математика сабагына кызыгуум артып турар эле. 8-9-класстарда мектептин атынан олимпиадаларга катыша баштадым, ал жактан да көптөгөн ийгиликтерди жаратып, облустук турларда 1-2-орундарды камсыздап келдим.

1972-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, жогорку окуу жайларды кыдырып, өз кыялымдагы окууга тапшырууга даярданып баштадым. Экономист болуу менин бала күндөн берки кыялым эле, бирок атамдын тандоосу менен Пржевальский педагогикалык институтунун математика бөлүмүнө тапшырдым. Ал жакта да өзүмдүн өзгөчөлүгүмдү көрсөтүп, математика илиминде алгылыктуу, мыкты мугалим болуп чыгаарыма эже-агайларды ишендире алчумун», - деп айтып берди Шайыр эже мектептеги жана жогорку окуу жайдагы убагы тууралуу.

Шайыр Солтобаева эмгек жолун 1976-жылы институтту аяктап, Талас районунун Арал айылындагы К.Нанаев атындагы орто мектебинде математика мугалими болуудан баштаган.
«Көрөңгөлүү мыкты кадрларлары менен районго таанымал болгон уюткулуу мектепке туш болгонума бир чети кубанып, бир жагынан балдарга билим берүүгө шыктанып турдум. Бул мектептен көптөгөн насаатчыларды жоолуктурдум. Мисалы: «КРнын эмгек сиңирген мугалими» наамынын ээси Бектур Исаков, алтургай анын «Десант» аттуу тобуна катышып, башка мектептин окуучуларына да сабак бере баштадым. Агайдын айткан акылы, көргөзгөн жолу менен бат эле бул мектепке көнүп, ар бир баланын оюн окуп, көптөгөн ийгиликтерге жете баштадым.

1977-жылы, окуу жылы аяктап калган учурда ушул эле айылда тарыхта кылган эрдиги менен даңазаланган Бүргө баатырдын урпагына турмушка чагып, бирге түтүн булатып, жашап калдык. Жогоруда айткан Бектур Исаков агай түзгөн «Десант» тобу менен 1978-жылы Аксай айылына барып, сабак өтүүгө даярдана баштадым. Аксай орто мектебинин окуу бөлүм башчысы 9-класска сабак өтүүмдү сунуштады. Ошентип, мен өткөн тема «Би квадраттык теңдеме» деп аталат эле, бул темада балдарга терең маалымат берип, кызыгуусун арттыра алдым деп өзүмө баа бере алдым. Сабактан чыксам Бектур агай теле-журналисттерди чакырткан экен, ушундай толкундануу менен келген журналисттерге интервью берип жатып, мугалимдик кесип ааламдагы эң ардактуу кесип экенин жүрөгүм менен сезип турдум, ошол учурдагы толкундануумду соз менен айтып жеткире алгыс эле. Андан сырткары, республикалык «Ала-Тоо» гезитине атым, өткөн сабагым, берген маегим жарыяланып, мага стимул болгон», - дейт ардактуу мугалим мектептеги иши жөнүндө.

«Жолдошум экөөбүз 2 уул 1 кызды тарбиялап чоңойттук. Ошону менен бирге мектепте өз балдарыма айланган окуучуларымды райондук, облустук олимпиадаларга даярдап, 1-2-орундарды камсыздап келип жаттык.

1996-жылы ушул эле айылдагы акын-жазуучу Медетбек Сейталиевтин атын алып жүргөн мектепке которулуп келдим да, сүйүктүү мугалимдик кесибимди ушул мектепте уланта баштадым. 1998-жылы класс жетекчилик милдетин аркалап, алгачкы классымды акыл уясынан тагдырдын даңгыр жолуна узатып, мугалимдин жүрөгү ушунча назик жана мээримдүү экенин ошондо сездим. Андан кийин көптөгөн окуучуларды жетектеп, мугалимдин айлык маянасы аз экенине карабастан, түнкү уйкуңду жаш наристеге бөлгөндөй, түн бир оокумга чейин балдарды сынактарга даярдап, окуучумдун жеңишин өз жеңишимдей кубануу жана толкундануу менен кабыл алар элем. Ушундай эмгектердин артынан Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим берүү жана министрлигинин грамоталары менен сыйлангам. Көп учурда окуткан окуучуларымдын «эжеке сизге рахмат, сиз бизге жакшы билим бериптирсиз» деген ыраазычылыктарын укканда өзүм ушундай ардактуу кесиптин ээси экениме сыймыктанам.

Мугалим башка кесиптердин ээси боло алат, бирок башка кесиптин ээлери мугалим боло албайт. Министр же врач болобу — баары мугалимдин тарбиясын, билимин алып чоңойгон», - дейт дээрлик жарым кылым өмүрүн мектепке жана окуучуларга арнаган үлгүлүү мугалим Шайыр Солтобаева.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up