Чүйдө алдыңкы билим берүү кызматкерлери сыйланды (фото)

Чүйдө алдыңкы билим берүү кызматкерлери сыйланды (фото)

Билим АКИpress - 28-августта Аламүдүн районунун Лебединовка орто мектебинде Чүй облусундагы мугалимдердин август кещешмеси болуп өтүп, анда мыкты билим берүү кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты.

Кеңешмеде «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи – бардыгы үчүн сапаттуу билим берүү» деген темада актуалдуу маселелер талкууланды. Өзгөчө, 2018-2019-жаңы окуу жылында 5-6-класстардын предметтик стандарттары өзгөргөндүгүнө, окуу китептерин киргизүү натыйжалуулугуна басым жасалды.

Ошондой эле предметтик секциялык иштерде семинар-тренингдер өткөрүлдү. Ага КР өкмөтүнүн КР Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова, Билим берүү министрлигине караштуу педкадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директорунун орун басары А.Шергазиев, «Русский язык и литература в школах
Кыргызстана» журналынын башкы редактору, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Г.Сооронкулов жана мугалимдер, усулчулар, директорлор, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары катышты.

Кеңешменин соңунда резолюция кабыл алынып, алдыңкы билим берүү кызматкерлерине облустук Ардак грамоталар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up