Ысык-Көлдөгү мугалимдердин август педагогикалык кеңешмеси өттү

Билим АКИpress - Каракол шаарында Ысык-Көл облусундагы мугалимдердин август кеңешмеси өттү. Ага КР өкмөтүнүн облустагы өкүлүнүн орун басары Э.Усенова, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, мугалимдер, мектеп жетекчилери жана бала бакчалардын башчылары катышты.

Кеңещмеде 2017-2018-окуу жылындагы жетишкендиктер, 2018-2019-жаңы окуу жылына карата милдеттер талкууланды.
Алгач мугалимдер үчүн даярдалган концерт болуп, облустагы билим берүү тармагынын жетишкендиктери жана көйгөйлөрүн чагылдырган видеотасма көрсөтүлүп, салтанаттуу куттуктоолор айтылды.

Ысык-Көл облусундагы 191 мектепте бирим сапаты 43%ды түзөт. Өткөн жылы республикалык олимпиадада мектептер арасында 2-орунду камсыз кылды. Алдыдагы окуу жылына карата жаңы багытта иш жүргүзүү милдети турат, дейт мугалимдер.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up