Кара-Көлдөгү окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 10 мугалим жетишпейт

Кара-Көлдөгү окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 10 мугалим жетишпейт

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарынындагы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде орус тили жана музыка мугалимдери жетишпейт. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, жетишпеген кадрлардын саны – 10. «Өзгөчө окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч класстарына 2 мугалим жетишпейт. Шаардагы ар бир мектепке музыка мугалими жетишпейт келет. Мындан сырткары, математика, физика мугалимдери да жетишсиз.
Быйыл 5-6-класстарга окуу китептери ижарага берилет. 1-4-класстын окуучулары окуу китептерин бекер пайдаланышат. Аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар ижарадан бошотулат. Ал эми бир үйдөн 3 же 4 баласы мектепке баргандар 50% ижара төлөшөт. Орус класстарында окуу китептери чындыгында тартыш болууда. Быйыл августтагы каттоо боюнча 393 бала 1-класска барат. Бул көрсөткүч 1-сентябрдан баштап өсүп, өзгөрүүсү мүмкүн. Орус класска баласын берем деген ата-энелердин саны көп болууда. Бирок ага мугалим жетишпей, бул боюнча министирликке да кат жолдогонбуз. Быйыл №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясы менен №2 Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектептеринде да 1-орус класстары ачылат», - деди Алымкан Мырзалиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up