«Эмгек сиңирген мугалим» жана «билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер» наамынын ээлери кимдер? (тизме)

«Эмгек сиңирген мугалим» жана «билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер» наамынын ээлери кимдер? (тизме)

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наам:

Абдраимова Жыпар Абдыкасымовна — Ош облусунун Кара-Суу районундагы С. Маматов атындагы № 46 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин математика мугалими;

Ажакматова Роза Кудайбергеновна — Талас облусунун Манас районундагы Покровка орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

Алимбеков Каары — пенсионер, Кара-Суу району, Ош облусу;

Лепеева Ольга Дмитриевна — Нарын шаарынын В.П. Чкалов атындагы № 2 орто мектебинин директорунун илимий-методикалык иш боюнча орун басары;

Матисаев Каныбек Кочкорбаевич — Ош облусунун Ноокат шаарынын А. Абдуваитов атындагы орто мектебинин математика мугалими;

Сатарова Анипа Султаналиевна — Жалал-Абад шаарынын Т. Кошматов атындагы № 10 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Токтосунов Анарбек Адашович — Жалал-Абад шаарынын С. Давлетов атындагы № 14 инновациялык мектеп-лицейинин директору.

«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

Абдыразаков Абдыкерим — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору;

Исаков Каныбек Абдуваситович — Ош мамлекеттик университетинин ректору;

Чубурова Жаңылбүбү Темировна — М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин туризм, конок күтүү жана ишкерлик кафедрасынын башчысы.

Андан тышкары, билим берүү уюмдарынын жана китепканалардын бир катар кызматкерлери да башка наамдарга татыктуу болушту.

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам:

Андриевский Геннадий Викторович — И.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин үйлөмө жана урма аспаптар бөлүмүнүн башчысы;

Бакашова Жылдыз Кемеловна — А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору;

Жамурзаев Жанышбек Бакирович — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ага окутуучусу, «Көркөм фонду» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Жаркыналиева Телегей Сагыновна — А. Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасынын директору;

Кенжебаева Айнур Арыковна — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын директору;

Кылычев Эсентур Мукаевич — К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти;

Лысогоров Евгений Евгеньевич — И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин доценти;

Мырзаева Бактыгүл — Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору;

Нышанова Аптапкан Дүйшөбаевна — Ош шаардык С. Бекмуратов атындагы № 1 балдар музыкалык мектебинин кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн башчысы.

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

Исмаилов Маман — Ош облусунун Кара-Кулжа районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин волейбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча машыктыруучусу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up