КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган билим берүү тармагынын кызматкерлери (тизме)

КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган билим берүү тармагынын кызматкерлери (тизме)

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланат:

Ашыралиев Абдиумаматкадыр — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин өзгөчө кырдаалдардан коргоо кафедрасынын профессору;

Байдулдаева Нурина — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу №13 «Бакыт» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;

Боромбаев Кубатбек — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын №99 лицейинин директору;

Кошалиева Калыйбүбү Керимовна — Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин математика мугалими;

Мамасалиева Зийнаткан — «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун «Чолпон» бий ийриминин мугалими;

Орозалиева Нурзат Сүйөркуловна — К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана эл аспаптар факультетинин деканы;

Садыкова Жумагүл Исмаиловна — Ош облусунун Алай районундагы №2 бала бакчасынын башчысы, Алай райондук аялдар кеңешинин төрагасы;

Самыкбаев Аманбай Калканович — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин деканы;

Тажибаева Анарбүбү Жусупбековна — М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын вокалдык өнөр боюнча окутуучусу;

Термечикова Нарынкан Мамытовна — Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №2 орто мектебинин башталгыч класстарынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

Туленова Гүлнара Мукубаевна — Чүй облусунун Жайыл районундагы №102 кесиптик лицейинин директору;

Худайназарова Ойсора Байматовна — Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы №5 Т.Рустамов атындагы орто мектебинин социалдык педагогика мугалими.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up