Сүрөт — 1-сентябрга карата Кыргызстанда 26 мектеп менен бала бакчалардын курулушу аяктады (облустар)

Сүрөт — 1-сентябрга карата Кыргызстанда 26 мектеп менен бала бакчалардын курулушу аяктады (облустар)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 30-августуна карата Кыргызстан боючна 32 социалдык объектинин курулушу аяктады, алардын ичинен 22си мектеп жана 4 бала бакча. Бул тууралуу 31-августта Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

«2018-жылдын 1-сентябрына карата Ош облусунун Өзгөн районунда дагы 3 мектеп имараттарынын бүткөрүлүшү күтүлүүдө», - деп белгилешти Мамкурулуш агенттигинен. Бүгүнкү күндө социалдык объекттердин көбү Ош облусунда пайдаланууга берилди – 17. Андан кийин Баткен жана Жалал-Абад облустарында 5тен объект; Чүй облусунда 3 объект, Нарын жана Талас облустарында 3төн объект жана Ысык-Көл облусунда 1 объект колдонууга берилди.

Сүрөттө:

1. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Гүлдүрмө айылындагы бала бакча
2. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кара-Таш айылындагы бала бакча
3. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарындагы бала бакча
4. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл аймагынын Кайрагач айылындагы мектеп
5. Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы мектеп
6. Жалал-Абад шаарындагы №6 мектеп
7. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Талаа-Булак айылындагы Төрөмаматов атындагы №80 мектеп
8. Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Котормо айылындагы Чокоев атындагы мектеп
9. Нарын облусунун Нарын районундагы Ж.Саламатов атындагы мектеп
10. Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылындагы мектеп
11. Ош облусунун Араван районуна караштуу Маңгыт айыл аймагынын Жаңы-Арал айылындагы бала бакча
12. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Беш-Буркан айылындагы мектеп
13. Ош облусунун Араван районундагы №48 Гүлбаар мектеби
14. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Чагыр айылындагы Жумаев атындагы мектеп
15. Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылындагы Жакишев атындагы мектеп
16. Ош облусунун Алай районуна караштуу Жаңы-Турмуш айылындагы Курманжан Датка атындагы мектеп.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up