Таласта 5227 бала мектеп босогосун аттады

Билим АКИpress - Таласта 2018-2019-жаңы окуу жылында 5 миң 227 бала мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу Талас облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Табылды Тилекматов билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунун 4 районунда 112 мектеп 6 лицей жана 2 интернат бар. «Жалпы 51 миң 347 окуучу жаңы окуу жылында мектепке келет. 5 миң 227 окуучу 1-класска кирди. Бардык мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Жаңы окуу жылына карата Кара-Буура районунун Бейшеке жана Молотов айылдарында мектептердин ачылышы күтүлүүдө. Мугалимдердин саны 4033, баары жаңы окуу жылына жакшы даярдыкта. Быйыл жылдын аягына чейин Талас облусу боюнча 4 бала бакча ачылат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up