Өзгөндөгү С.Шарипов мектебинин салтанаттуу линейкасына шаар мэринин милдетин аткаруучу Р.Атажанов катышты

Билим АКИpress - Өзгөн шаарынын С.Шарипов атындагы мектебинде Билим күнү шаар мэринин милдетин аткаруучу Р.Атажановдун катышуусунда белгиленди. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Өзгөн шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери ар бир мектепке бөлүнүп, окуучуларды жана мугалимдерди Билим күнү менен куттукташты. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Рахманжан Атажанов С.Шарипов атындагы орто мектептин салтанаттуу линейкасына катышып, бардык окуучулар менен мугалимдерди майрамы менен куттуктады.

Өзгөн шаарында жалпы 8 мектеп бар. Бардык мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, класстык сааттар өткөрүлүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up