Кара-Көлдөгү №3 мектептин мугалими 1-класстын окуучуларына алгачкы сабагын өттү

Билим АКИpress - Бүгүн, 1-сентябрда Кара-Көл шаарында Билим күнү белгиленүүдө. Шаардагы бардык мектептерде саат салтанаттуу линейкалар өткөрүлүп, 1-класска жаңыдан кадам таштаган окуучулар үчүн биринчи коңгуроолор кагылды. 1-класстар менен алардын биринчи мугалимдери таанышуу сабактарын өтүштү.

№3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин 1-«А» классынын мугалими Дилбара Жураевна окуучуларына алгачкы 30 мүнөттүк сабагын өтүп, Кыргыз өлкөсү, анын ичиндеги Кара-Көл шаары жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, анын чыгармалары жөнүндө түшүнүк берди.

Окуучулар окуу китептерин алып үйлөрүнө тарашты. Жаңы окуу жылында 1-класска 540 бала кабыл алынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up