Баткенде Билим күнү салтанаттуу белгиленди

Баткенде Билим күнү салтанаттуу белгиленди

Билим АКИpress - Бүгүн, 1-сентябрда Баткен облусундагы бардык билим берүү мекемелери салтанаттуу түрдө эшигин ачып, балдарды кабыл алды. Билим күнү салтанаттуу белгиленип, жаңы окуу жылы башталды. 2018-2019-жаңы окуу жылына 11 миң 135 бала 1-класска кабыл алынды.

Облус аймагындагы 238 мектепте жалпы 96 миң 198 окуучу билим алууда. Мугалимдердин жалпы саны — 7632, жетишпеген мугалимдердин саны — 215. Окуу китептери менен камсыздоо 85%ды түздү. Интернетке туташтырылган мектептердин саны — 74, төлөө каражаттары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечилген.

Учурда облуста 26 мектептин жана 4 бала бакчанын имараттары курулуп жатат. 2017-2018-жылдары облус боюнча 5 мектеп менен 1 бала бакчанын имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, аларга республикалык бюджеттен 44 млн 45 миң 988 сом акча каражаты сарпталды.

2018-2019-жаңы окуу жылына карата Баткен облусунан 2 мектеп: Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Кан айылындагы мектептердин жана Кадамжай районунун Гүлдүрөмө айылындагы 50 орундуу бала бакчанын имараттары пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Мындан сырткары, 2018-жылдын аягына чейин Лейлек районун Ак-Суу айыл аймагына караштуу М.Горький атындагы мектебинин (475 орун) жана Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак орто мектебинин жаңы имараттары пайдаланууга берилиши пландалган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up