Улуттук университетке Башкортостандын вице-премьер-министри келди

Улуттук университетке Башкортостандын вице-премьер-министри келди

Билим АКИpress - 2018-жылдын 1-сентябрында Кыргыз улуттук университетине Башкортостан Республикасынын өкмөт башчысынын орун басары Салават Сагитов баштаган топ келди. КУУнун ректору Канат Садыков менен болгон жолугушууда КУУ менен Башкортостандын окуу жайларынын ортосундагы алакаларды күчөтүү маселелери талкууланды.

КУУнун ректору жогорку окуу жай тууралуу кыскача маалымат берип, кыргыздар менен башкырлар — бир тууган элдер, ошондуктан КУУнун жамааты үчүн Башкортостандан келген меймандарды тосуп алуу абдан жагымдуу экенин белгиледи.

Вице-премьер-министр Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Башкортостандан 60тан ашуун адам келгендигин, анын 40тан ашууну спортчулар экендигин айтып, КУУнун жетекчилигин Эгемендүүлүк күнү жана окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up