Түптүн Миң-Булак айылындагы мектепке жаңы директор келди

Түптүн Миң-Булак айылындагы мектепке жаңы директор келди

Билим АКИpress - Түп районуна караштуу Миң-Булак айылынын И.Касымалиев атындагы орто мектебинде жаңы окуу жылы башталган күнү дайындалган жаңы директор кызматка киришти. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары маалымдады.

«Түрткү берүүчү 1 млн 300 миң сомдук гранттын эсебинен толук оңдолуп-түзөлгөн бул мектепте жаңы окуу жылында 11 класс, 19 мугалим жана 139 окуучу бар», - деди мектептин жаңы директору Динара Сагынбекова.

Динара Сагынбекова 1975-жылы Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында туулган. 1998-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин Түп районундагы Ж.Ашымов атындагы Арал орто мектебине келип, 6 жыл
иштеген. Аралдагы мыкты жетекчилердин бири Гүлжамал Жаңыбаевадан тарбия алган Д.Сагынбекова 2003-2004-окуу жылындагы «Жыл мугалими» сынагында Түп району боюнча 1-орунду, облустук сынакта 2-орунду камсыз кылган.

Жолдошу Улан Асаналиевге турмушка чыккандан бери Арал айыл өкмөтүндөгү Миң-Булак айылында иштей баштаган. Миң-Булакка келгенден кийин, акыркы 3 жылда директордун орун басары болуп иштеген.

Дыйкан чарбасынын жетекчиси болуп иштеген жолдошу Улан экөө 4 уул, 1 кыздуу болушуп, улуу баласы Эрдан энеси бүткөн университеттин 2-курсунда окуйт, кичүү баласы Залкар 3 жашта. Ал эми калган балдары мектепте окушат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up