Чаектеги мектептин эски имараты бала бакчага айланды

Билим АКИpress - 2018-жылдын 1-сентябрында Жумгал районунун Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаңы имараты колдонууга берилип, эски имараты бала бакча болуп ачылды.

Имаратка Жогорку Кеңештин депутаты А.Кулбараков 100 миң сом акча каражатын бөлүп, оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Капиталдык оңдоодон өткөн имарат «Ак-Татыр» наамындагы 3 сааттык бала бакча болуп ачылды. Азыркы учурда 50 баланы камтыган 2 топ кабыл алынды. Оңдоо иштери толук аяктаган соң дагы кошумча 2 топ ачылат.

Бүгүнкү күндө 4 айыл аймагында: Чоң-Дөбө, Байзак, Миң-Куш жана Кабак айыл өкмөттөрүндө балдарды бала бакчага тартуу 95%дан ашык камтылган. Жакынкы жылдары район боюнча бала бакчанын санын көбөйтүү пландалып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up